www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоо башталганы «Республика» партиясынын дымы чыкпай келаткан. Болбосо, 2010-жылы түзүлгөндөн бери «Республика» партиясы ат тизгинин алыска таштап, бардык шайлоолорго күчүн үрөп катышып келген. Бул партиянын да алган орду бийликтин административдик ресурстар менен алган СДПК партиясынан кийинки экинчи орун болуп келген.

Учурда парламенттик шайлоого «Республика» партиясы саал көңүлсүз катыша баштаган, эми гана шымаланып аттана баштагандай. «Республика» өткөн 2015-жылдагы парламенттик шайлоого Камчыбек Ташиевдин «Ата-Журт» партиясы менен бирге аттанып «Республика –Ата-Журт» фракциясын түзүшкөн. РАЖ фракциясын алгач  Өмүрбек Бабанов жетектесе, андан соң Руслан Казакбаев, Жыргалбек Турускуловдор жетектешти. Парламенттик шайлоодо бул фракциядан Динара Исаева, Марлен Маматалиев, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Турускулов сыяктуу лөк депутаттар башка партияга кетишти. Көп жылдык тажырыйбасы бар «Республика» партиясы электоратына гана ишенгендей түр көрсөтүшкөнү менен эми чамына баштагандай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости