www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туманды жел айдап кеткендей эле, элди туңгуюктан адам чыгарат. Эл дайым жол табаар адамды кылчактап карайт. Коомдогу бардык кубулуштар адам аркылуу башталып, адам аягына чыгарат. Кыскасы дүйнө адам менен башталып, адам менен турмушун улайт.

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлеринин сап башында Талантбек Сарбагышев да бар. Жеке тагдырындагы мындай кадамга бараардан мурун ал 25 жыл ИИМдин кылмыштуулукту ыкчам издөө кызматында иштеп, гүлдөгөн жаштык курагын кылмыштуулук менен күрөштө өткөрүп, турмуштук да, кесиптик да чоң мектептен өттү. Эң башкысы акыйкат эмне экенин так, таасын билет жана акыйкат үчүн күрөшүү адамдыктын эң жогорку белгиси экенин жакшы түшүнөт. Ал дейин десең, кыргыз милициясынын оперативдүү кылмыш иликтөө кызматынын тарыхында Талантбек Сарбагышев сыяктуу полковник наамын алгандар саналуу гана. Атасы жаш кезинде кайтыш болуп, апасы катардагы мугалимден эмгек жолу баштап, райондук агартуу жана маданият тармагынын жетекчилиги кызматына чейин көтөрүлгөн., бул машакаттуу иштерге өмүрүн арнаган.

Талантбек өмүрлүк жары экөө 3 баланы тарбиялап жатат. Ал турмуш жетелеген жол менен буйдалып, буулукпай ушул даражага жетти.

Талантбек Сарбагышевдин мектеби - бул азыркы жашап жаткан оомалуу-төкмөлүү турмуштун өзү! Пенсияга чыккандан кийин 2016-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна Чолпон-Ата шаарында “Табылга” саясий партиясы менен катышып, бийликчил партиялардан озуп биринчини (21 мандаттын 8 мандатына ээ болушкан) багындырса, көп өтпөй, көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен шаардык кеңешке Төрага болуп шайланып, эки жылдан кийин Чолпон-Атанын шаар башчысы кызматына келген. Ушул жылдар анын жеке тагдырындагы бурулуш жылдар эле. Мамлекетчилдикти сыртынан эмес, ичинен таанууга, күнүмдүк жашоонун “кишендеринен” бошонуп, кеңири алкакта ой-жүгүртүүгө туура келген. Ошентип, элдин көйгөйүн жон териси менен сезип, аны чечүүнүн аракетинде жүргөн мезгил, анын жетекчи катары  такшалышына өбөлгө болуп берди. Эми минтип Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын катарында аттанып отурат.

Талантбек Сарбагышев жөнүндө бир сөз менен айтканда: бүгүнкү кырдаалда, анын жетишкендиктерине караганда алдыга койгон кыял-тилектер көбүрөөк, демек, аны орундатуу талыкпаган мээнет, бел чечпей иштөө менен байланыштуу. Ал: “мен адилеттүү болгум келет, адилет саясат жасагым келет, барам дагы адилет саясат жасайм! Бул менин өткөндөн алган бардык сабагым”, - дейт. Балким кыялынан, жетишкендиги көп инсанды келечекте чындап көрүп калаарбыз. Ага чейин ийгилик каалап туралы.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости