www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз сөз кыла турган партия элге куру убадаларды берүү менен парламенттин эки чакырылышына кирди. 2010-жылы «Республика» деген партия келген болсо, 2015-жылы “Республика - Ата Журт” деп Камчыбек Ташиевдин партиясына учкашкан. Мандаттын даамын татып алган эргулдар эми үйүр-тобу менен быйылкы жылдын күз айына мерчемделген шайлоого умтулууда. Эгер бул шумпайлар жалган убадалар менен калайыкты дагы алдап кетчү болсо, алдыдагы беш жыл буга чейинки жылдардай курбекер сөздөр менен кургуйга кулаганы турат. Андыктан, ар-бирибиз ойлонолу! Ооба, берген убадаларын эстеп бети кызарбаган немелер аны-муну шылтоолоп, ооздорун куу чөп менен аарчышы мүмкүн. Бирок, бул сапар жол бербешибиз керек. Анткени, айткан убадаларынын дээрлик баарын аткарган жок. Эгер унутуп калган болсо эстерине салып, бир-бирден талдап берелик.  

“Республика - Ата Журт” партиясынын элге берген эң башкы убадаларынын бири - “Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү” эле. Ошол учурда жаш секелектерге, кыпындай күнөөсү жок наристелерге карата акылга сыйгыс зордук-зомбулуктар жасалып, зөөкүрлөргө карата элдин нааразычылыгы күч алып турган. Ал бүгүнкү күндө дагы актуалдуулугун жоготкон жок. Адам акылына сыйгыс жоруктар тыйыла элек. Ушул убада үчүн миңдеген адамдар добушун берген, тилекке каршы аткарылбай арасатта кала берди. Үмүт сынды.   

“Республика - Ата Журт” партиясынын – “Ар бир эшик алдына видеокамера орнотуу” убадасы да миңдеген адамдардын колдоосуна арзыган. Анткени, ар бир жарандын коопсуздугу, айрыкча ата-энелер үчүн балдардын сактыгы бүгүнкү күндө да курч бойдон турат. Мындан улам, убаданы жапатырмак колдогон, бирок аткарылбады.   

“Республика - Ата Журт” партиясынын миңдеген добушту камсыздаган дагы бир олуттуу убадасы - “Мамлекеттик мекемелердин санын эки эсеге кыскартуу” болчу. Мындан чоң утуштар болоруна, экономикага пайда келерине, өлкөнүн өнүгөрүнө көпчүлүк ынанган. Бирок, “Республика - Ата Журт” партиясы коалицияга киргенине карабай, бир дагы мамлекеттик мекемени кыскартпады. Убада куру сөз бойдон талаада калды.

“Республика - Ата Журт” партиясына жүзмиңдеген добушту – “Кош жарандык” убадасы алып келгенин жашыра албайбыз. Учурда миллионго чукул мигрант бар. Алардын жоон тобу бул демилгени колдоору жалпыга бештен белгилүү. Ошондой эле кыргыз жарандыгын алган 50 миңден ашуун этникалык кыргыздар да буга кайдыгер караган эмес. Тилекке каршы, бул убада ордунан жылган жок. Бери дегенде, мыйзам долбоорун токуганга жарабады.

2015-жылдын 4-сентябрында А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында “Республика - Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев төмөндөгүдөй сөздөрдү сүйлөгөн:

К.Ташиев: --Мына көрүп атасыздар, мамлекетибиздин тарыхында биринчи ирет парламентке өткөн эң чоң саясий күч болгон эки партия бириктик. Биздин биригүүнүн максаты - парламентке баруу эмес, Кыргызстанды өзгөртүү.

“DF”:--Тескерисинче, биригүүнүн максаты - Кыргызстанды өзгөртүүдө эмес, парламентке кирүүдө экени турмуш чындыгы менен тастыкталды. Бабановдун “Республика” партиясы Жогорку Кеңешке кирери менен Ташиевдин “Ата-Журтун” айталаада калтырып, мүчөлөрүн өзүнө имерип алды. Кыргызстанга кыпындай өзгөрүү жасабады.

К.Ташиев: --Биз колубуздан келе турган гана нерсени айтып жатабыз.

“DF”:--Жалган экен. Айтылгандар колдон келбеди го. Жок дегенде педофилдерди тизгиндеп беришпеди.

К.Ташиев: --Өзүм бир нече жыл Ленин районунун акиминин орунбасары болуп иштегендиктен, борбор калаабыздын көйгөйү мага тааныш. Шаарыбыздын жашоо-шартын оңдоо үчүн академик же илимдин кандидаты болуунун кажети жок. Бул жөнөкөй чарбалык иш, аны мэрдин кызматында олтурган адам аткарууга милдеттүү. Бирок, ошол жөнөкөй чарбалык иштер кандай деңгээлде аткарылып жатат? Мына көчөлөрдө, үйлөрдүн тушунда, кеңселердин алдында таштандылар чачылып жатат. Талкаланган жолдорубуз оңдолбой атат... Аларды калыпка салып, ишке ашыруу, шаарыбызды көрктөндүрүү боюнча биздин программада кеңири каралган...

“DF”:--Кандай гана кооз сөздөр. “Республика - Ата Журт” партиясынын бир ирет дагы таштанды ташып, жол салып же шаарды көрктөндүргөнүн көрбөдүк. 

2015-жылдын 4-сентябрында А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында “Республика - Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов төмөндөгүдөй сөздөрдү сүйлөгөн:

Ө.Бабанов: --Келгиле, биз Сингапурдагыдай жашайбыз. Ал жакта 40 жыл ичинде ички дүң продукция 20-25 эсеге өстү, бизде 24 жыл ичинде ички дүң продукция төмөн түштү.

“DF”:--Сингапурду көзгө элестеткен, өлкөнүн дүң продукциясы 5 жылда 10 эсеге өсүшүн каалаган миңдеген жарандар добуш берген. Парламентке киришти. Андан бери беш жыл өттү. Бирок, Пушкиндин балыкчы жөнүндө жомогундагыдай калайык сынык тепшиси менен отурат.  

Ө.Бабанов: --Милицияда, медицинада, билим берүүдө эмне өзгөрүлдү? Сотто коррупция жокпу? Биз буларды ачык айтышыбыз керек дагы, кантип өзгөрүүнүн жолдорун  издешибиз керек... Биздин бир миллион жараныбыз сырт жакта иштеп жүрүшөт. Муну көрүп туруп, “биздин экономикабыз өнүгүп атат” деп кантип айтабыз? Жарандарыбыз жыргаганынан бөтөн жерге кеткен жок. Алар акча табайын, үй-бүлөмдү багайын деп айласыз кетип атышат. Биз бул көйгөйлөрдү чечишибиз керек.

“DF”:--Милициядан кордук көргөндөр үчүн, медицина менен билим алууда каражатка зар болгондор үчүн, соттон запкы чеккендер үчүн, жан багыш үчүн тентип жүргөндөр үчүн бул сөздөр майдай жаккан. 2015-жылы “Республика - Ата Журт” партиясын шайлаган, добушун берген. Кана чечилгени?  

Ө.Бабанов: --Урматтуу шайлоочулар, партиялаштарым, элибиз куру сөздү эмес, программа үчүн тандоо жасап, мыйзам чегинде жашоого убакыт келди. Сиздер жакшы билесиздер, 2010-жылы да биз так программа менен чыкканбыз жана алардын айрымдарын аткарууга жетиштик, айрымдарына жетише албадык. Бул ирет дагы биз өлкөбүзгө олуттуу реформа керек экендигин айтып, аны ишке ашыруу үчүн программабызды сунуштап отурабыз.

“DF”:--“Куру сөздү эмес, программаны тандагыла” деген эле, эл программаны тандап, добушун берген. Педофилди жок кылат, ар бир эшикке камера орнотулат, мамлекеттик мекемелер кыскарат, кош жарандык берилет дешкен. Муну кандай түшүнөбүз?

Ө.Бабанов: --24 жылдын ичинде 24 өкмөт башчыны алмаштырдык. 2010-жылдан 2015-жылга чейин 5 премьер-министр алмашты. Мына ушундай кадамдар менен мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоол болгон - бул азыркы система. Мыйзамдардын баарын өзүнө камтыган - бул Баш мыйзам. Биз 24 жылдын ичинде аралаш Баш мыйзам менен жашап, ошол Конституция мамлекетибиздин тагдырын чечип келди. Оош-кыйыш турмушту кечирдик. Элибиз чыдабай эки жолу революция жасады... Биздин программабыздын орчундуусу – бул Баш мыйзамды өзгөртүү. Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзам жоопкерсиздикке алып келди. Дал ушул Баш мыйзам жакшы иштелип чыкпагандыктан, реформа жүргүзүлбөгөндөн улам эгемендиктин 24 жылында 24 премьер-министр алмашты. Андан соң элдин көп көйгөйүн чече турган 15 мыйзам иштеп чыктык. Ошол мыйзамдар кабыл алынса, элдин жашоосу жеңилдеп, жыйынтыгы жакшы болоруна кепилдик бере алам.

“DF”:--Системанын өзгөрүүсүн каалагандар ошол учурда да көп эле, азыр деле арбын. Ошол идеяны тутунгандар бул демилгени жатакалып колдогон. Бирок, аткарылбады. Жадакалса, Атамбаевдин учурунда Конституция өзгөрүлүп жаткан маалда “Республика - Ата Журт” партиясы системаны оңдоо багытында ооз ачканга жарабады. Анын сунуштарын колдоп, парламентте жактырып берди. Бул берген убадасынан аттап өтүп, элдин бетине түкүргөн менен барабар да. 

“Республика - Ата Журт” партиясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекованын маегинен:

А.Өмүрбекова: --Өткөн шайлоодо биз маңыздуу жана дымактуу программаны сунуштадык. Анын айрым бөлүктөрү аткарылды. Фермерлер үчүн 7%дык насыя боюнча.

“DF”:--Миңдеген фермерлер 2010-жылы 7%дык кредитке алданган. Ишке ашпай калган демилге 2015-жылы көтөрүлгөн жок. Эгер дымактуу программа болсо, кайра көтөрүлмөк, кредит дыйкандар үчүн ар дайым керек. Бул убактылуу алдоо үчүн берилген куру убаданын бири экени тастыкталды.   

А.Өмүрбекова: --Эл шайлаган кишилер тиешелүү мүнөздөргө татыктуу эмес жана өзүнүн кызыкчылыгын чечүү үчүн мандатын колдонуп жатышат.

“DF”:--Мандатты өзүңүздүн кызыкчылык үчүн колдонбогонуңузга кепилдик барбы? Эл берген мандатты кызматка айырбаштаган кадамыңыз “соодагерчиликке” жатпайбы?

А.Өмүрбекова: --Депутат айымдардан социалдык маселелерди чечүүнү күтүшөт. Бул билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, сапаттуу медициналык кызматтар, балдарга, аялдарга карата зордук-зомбулук, ырайымсыз мамилени жоюу, үй-бүлө институтун бекемдөө, үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан алып чыгуу иштери, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жөлөкпулдун суммасын кароо жана башка бир-нече көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылам.

“DF”:--Өмүрбекова кызматка келгенден бери аялдар жана балдарга болгон зомбулук апогейине жетти. Эки аял күйөөсүнүн токмогунан каза болсо, эки наристе көгала тактар менен одүйнө узады. Күйөөсү бензинге өрттөгөн, токмоктон башы токтобой шылкылдап калган аялдарды да көрүп жатабыз. Мына ушул иштерде А.Өмүрбекованын же “Республика - Ата Журт” партиясынын үнүн уккан жокпуз. Демек, жөлөкпул боюнча ооз ачпай деле койсок болот. 

Партиянын убадасы:

«Республика - Ата Журт» партиясы да айыл-чарбасын, элет жергесин өнүктүрүүнү өз программасынын негизги багыттарынын бири катары эсептейт. Партиянын лидерлеринин бири Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп иштеп турган кезинде бул тармакка өзгөчө көңүл бургандыгы белгилүү. Бир гана мисал: ал элет эмгекчилери үчүн жети проценттик кредит бөлдүргөн. Бирок тилекке каршы, андан кийин келген өкмөт башчылары дыйкан-фермерлер үчүн өтө керектүү бул демилгени андан ары колдоп, улантпай коюшту”.

“DF”:--Бөлдүргөн 7%дык кредит канча адамга тийген, анын жардамы болдубу -  деген суроолор жоопсуз турат.   

Партиянын убадасы:

«Республика-Ата Журт» партиясы аймактарды артыкчылык менен өнүктүрүү жөнүндө мыйзамды ишке ашырууну өз программасына киргизди. Эң негизгиси - аймакта ачылчу ишканаларды 10 жылга бардык салыктан куткаруу”.

“DF”:--«Республика - Ата Журт» партиясы коалицияда болгонуна карабастан бул убаданы аткаруу үчүн иш жасалбады. Жок дегенде, парламентте тийиштүү мыйзам долбоору жазылган жок. Ишканалар 10 жылдык салыктан качан кутуларын күтүп жатат.

Партиянын убадасы:

“Программада аким менен губернаторлордун ишин эки фактор менен баалоо сунуш кылынат. Биринчиси: өзү башкарган районго же облуска канча инвестиция тартып келди? Экинчиси: канча жаңы ишкана ачты. Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп иштеп жатканда мына ушул факторлорго өтө көңүл бурган. Андайды аткара албаган жетекчини эч ойлонбостон кызматынан кетирген”.

“DF”:--Бабанов өкмөттү башкарып турганда так ушундай принцип менен – районго жана облуска инвестиция тартпаганы же жаңы ишкана ачпаганы үчүн губернатор же аким иштен алынганы боюнча бир дагы факты айтылган эмес.

Партиянын убадасы:

Эки лидер тең жетекчи кызматта жүргөн учурларында айыл жергесиндеги эч бир маанилүү жагдайларды көз жаздымында калтырышкан эмес. Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган кезинде кандай гана маселе болбосун бирге аралашып чечип, талапты катуу коюп, ар бир ишти убагында бүткөртчү.

“DF”:--Ооба, Ө.Бабанов менен К.Ташиев жетекчи кызматтарда жүргөн учурда “маанилүү жагдайларды” көз жаздымда калтырбаганын билебиз. Кызматтан кандай шартта кетишкени айтылган ойду тастыктап турат. Маселен, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин резервдик фондундагы 18 млн. сомду жок кылгандыгына байланыштуу 2009-жылы декабрда Камчыбек Ташиев министрликтен айдалган. Мындан сырткары, Эсептөө палатасы 2007-жылдын 1-июлунан 2008-жылдын 31-декабрына чейин ӨКМде 11 миллион 833 миң 300 сомдук финансылык жемкорлук болгонун аныктап, Кылмыш кодексинин 304 жана 306-беренелери боюнча иш козгогон. Ал эми “Кызыл өңгөч кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей, алкымын тыялбаган Ө.Бабанов, “Манас” аэропортундагы ишти бүтүрүүдө түрк ишкеринен куну 1,4 млн. долларлык күлүктү белекке алганы ачыкка чыгып, өкмөт башчылыктан шыпырылган.

Партиянын убадасы:

“Биз эч кандай саясий күчтөр менен баарлашкан жокпуз. Биз өзүбүдүн жүрөгүбүз, акылыбыз менен кеңештик. Бириктик”.

“DF”:--Экөө далай ирет кер-мур айтышкан. Ташиев министр болуп турганда Бабанов Нура айылындагы жер титирөөдөн кийинки “былыктарды” сыйрыса, 2010-жылдагы парламенттик шайлоо астындагы дебатта Камчыбек Ташиев өчүн алып: «Өмүрбек, сен Максимдин офисинде эле жүрчү эмес белең, чогуу бизнес кылып!» деп бетин сыйрыган. Бакиевдин кандуу режиминде экөөсү тең тайраңдап, Ташиев министр, Бабанов вице-премьер-министр болгон. 2009-жылы тумшукка жегенден кийин Ташиев айылында митинг өткөрүп кутулса, Бабанов адатынча: «мен саясаттан кеттим, бизнес кылам» деп жанын сактап калган.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: "De-facto"

Последние новости