www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-февраль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакыртылды. Бул КРнын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз тарап Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө кескин тынчсыздануусун билдирген.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов: «Эгер тарыхты карап чыкса, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес» деп эсептейт. Бул тууралуу Баткен облусунун өкүлчүлүгү жооп берген.

“Тажикстандагы Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов өз жеринде маалымат жыйын уюштуруп, “Кыргызстандын Баткен облусу жайгашкан аймак, Тажикстанга тиешелүү”, - деген чагымчыл маанайдагы билдирүү тараткан. Буга байланыштуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Тажикстандын укук коргоо органынын жооптуу жетекчилеринин бири Навжувоновдун билдирүүсүн чек арага чектеш элдин ынтымагын бузуп, элди козутуу үчүн жасалган чагымчыл аракет деп билдирет”, - деп жазылган облус өкүлчүлүгү тараткан маалыматта.

Эске сала кетсек, Тажикстандын Согдий облусунун ИИМдин бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Абдулло Навжувонов кызматка дайындалгандан кийин, 12-февралда биринчи пресс-конференциясында Согдий облусунун укук коргоочулары үчүн Кыргызстан менен чектешкен чек ара маселеси терроризм жана экстремизм менен катар эле негизги көйгөй болуп саналарын айтып, “Бул көйгөйдү биздин бабаларыбыз мурас катары калтырды. Эгер тарыхты карап чыкса, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес. Менин бабаларым кыргыздарды алып келип, аларга жер берген. Ал эми, бүгүнкү күндө бул, биз үчүн көйгөй жаратууда”, - деп айткан.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости