www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда тартылган сүрөт интернетте популярдуу болуп жатат. Аял мышыгын коронавирустан сактаганга өзгөчө метод тандап алган.  Биринчи жолу мышыктын эки көзү тешилген медициналык бет капты кийип турган сүрөтү 9-февралда Weibo микроблогдо жарыяланган. Анын сүрөттөрү интернет айдыңына ошол замат тараган.

Колдонуучулар аялдын айлакердигине баа берип, жаныбардын чыдамкайлуулугун макташкан.

“Менин мышыгымды каргы (ошейник) таккандан кыйналчубуз, ал оролуп отуруп каргыны чечип салар эле. А бул жерде бет капты кийгизип салды”,- деп ShadowTresh интернет колдонуучусу таң калып пикир калтырган.

Башка бир колдонуучу майрамга карата кийимдин эң жакшы идеясы экен деген сыяктуу комментарий калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости