www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республикабызда жүзүмчүлүк тармагында оң динамика байкалууда. 2025-жылдын жыйынтыгына ылайык, жүзүмзарлардын жалпы аянты 2870 гектарды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 225 гектарга же 8,5 пайызга көбөйдү. Жалпы түшүм 5990,1 тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 1 пайызга өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 20,5 центнерди түздү.
Тармакты колдоо максатында 2025-жылдын январь–май айларында Сербиядан алынып келинген жүзүм көчөттөрү карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүлүп, вируссуз жана техникалык сорттор боюнча тандалып алынды.
Ошондой эле Баткен облусунун Лейлек районунда жүзүмчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер ишке ашууда. Жаңы-Жер айыл аймагында кооперативдер «Аватар» жана «Кишмиш» сортторунун көчөттөрүн өстүрүп жатышат. Мындан тышкары, «Аватар», «Моникур Сиңгер» жана «Кишмиш» сортторуна адистешкен жаңы питомник уюштурулууда.
Агрардык тармакта санариптик кызматтарды өнүктүрүү үчүн Агропортал иштеп жатат. Платформа аркылуу дыйкандар мамлекеттик кызматтарды онлайн алып, тармактагы жаңылыктар жана маалыматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Учурда анда тарифтик квоталар, асыл тукум чарбаларды каттоо, балык уулоого билет алуу, биологиялык коргоо жана агрохимиялык кызматтар сыяктуу бир катар сервистер жеткиликтүү.
Агропортал айыл чарбасын санариптештирүүгө жана тармактын катышуучулары үчүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндик түзүүгө багытталган.