www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн аймактарында мектепке чейинки балдар үчүн күнүгө үч сааттык билим бере турган 500 бала бакчаны ачат.

Бул долбоорду Дүйнөлүк банк каржылап бере турганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"Келечек үчүн билим берүү" аттуу долбоордун алкагында ачыла турган бала бакчаларда баардык санитардык талаптардын сакталышы көзөмөлдөнөт. Үч сааттык бала бакчаларда балдарга тамак берилбейт, түшкүсүн укташпайт.

Ушул себептен бала бакчалар көп каражатты талап кылбайт, деп билдирет министрлик.

Азыркы тапта жергиликтүү бийлик Билим берүү жана илим министрлигине арыздарды берүүдө.

500 бала бакча үчүн 700 тарбиячы ишке алынып, балдар мектепке даярдалат.

2019-жылга карата жалпы мамлекет боюнча 1497 бала бакча бар. Аларда 197 миң бала тарбияланууда. Бул Кыргызстандагы мектепке чейинки наристелердин 26,2 пайызын гана түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости