www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режеп Тайип Эрдоган элге чукул кайрылуу жасады

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүткөнүн, эми мындан ары коронавирус боюнча чектөө чараларын киргизбөөгө ишеним артып турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Эрдоган буга чейин Түркияда пандемия учурунда эң узак локдаун — 29-апрель, саат 19.00дөн тарта 17-май, саат 5:00гө чейин чектөө жарыялаган эле.

ИИМден башка бардык уюмдар менен мекемелер бул мезгил ичинде өзүнүн ишин токтоткон. Өлкөнүн ичиндеги шаар аралык каттамдар бийликтин уруксаты менен гана жүргөн. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги аталган өлкөдө сутка ичинде коронавирус чыккан учур 10 512 болгонун, бул 1-мартка караганда бир топ азайгандыгын билдирди. Ал пандемия башталгандан тарта 6 эсеге түшкөн, 16-апрелде көрсөткүч 63 082 эле.

"Биз баарынын чыдамы кетип турганын билебиз. Кабыл алынган чаралар менен локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөй алдык. Биз эң кыйын абалдан өттүк, эми мындай катаал чаралар башка жолу киргизилбейт деп ишенем. Бирок баары өзүбүзгө байланыштуу болот. Эл тиешелүү чараларды тоготпой койбошу керек", — деген Эрдоган бүгүнкү телекайрылуусунда.

Анын айтымына караганда, чектөө муну менен бүтүп калбай 1-июнга чейин уланат жана жакын арада бул боюнча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын ИИМи карантин акырындап алына баштаарын, бирок 1-июнга дейре саат 21:00дөн саат 5:00гө чейинки коменданттык саат уланарын айткан. Андан сырткары, ишемби, жекшембидеги күндөрдөгү чектөө да алынган эмес.

Ал эми шаар аралык поезддик каттамдар акырындап калыбына келери, кафе-ресторандар тамакты жеткирип берүү системасы менен иштей турганы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости