www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия COVID-19 пандемиясы башталгандан тарта карантиндик нормаларды сактоо үчүн коомду катүү көзөмөлгө алды.
Кандай чара колдонбойлу бул вирус бүт дүйнөнү каптап, бир канча адамдардын өмүрүн алууда.
Президент Режеп Тайип Эрдоган буга чейин 17-майдан баштап өлкө кадимки жашоого кайта баштаарын жарыялаган.
Буга чейинки чектөө чаралары бийликтин өлкөнү туристтерге тез ачып берүү үчүн жугуштуу оорулардын статистикасын тез арада азайтууга болгон каалоосунан улам келип чыккан. Бирок, туристтик сезонду сактап калуу максатында, чиновниктер өз жарандарын таптакыр унутуп коюшкан: карантиндик чектөөлөрдөн улам, көпчүлүгү кирешесиз калып, карыздары топтолуп, аман калуу үчүн мыйзамды бузууга даяр.
Стамбулдун Балат кварталында киви жемиштерин сатып иштеген Мурат өз ою менен бөлүштү "Биз коронавирустан эмес, ачкачылыктан коркобуз. Аларга (бийликтегилерге) канча адам өлүп жатканы маанилүү эмес. Эмнеси болсо да кайра эле кедей-кембагалдар жабыркап жатат” – дейт ал.
Ошондой эле пандемиянын кесепетинен ай сайын кирешеси төмөндөп, баалар көтөрүлүп жатканын кошумчалады.
Апрелдин ортосунда Түркияда күнүнө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 60 миңге жетип, 21-апрелде күнүнө вирустан көз жумгандар боюнча рекорд койгон.
Чектөөлөр киргенге чейин ооругандардын саны 40 миңден ашкан эмес.
Ошого карабастан, бийлик өтө катаал чараларды көрүп 24 сааттык коменданттык кылып кафе-ресторандар, базарлар, азык-түлүк дүкөндөрү жабылып жана шаарлардын ортосунда уруксатсыз жүрүүгө тыюу салынган. Күндүз гана жана жакынкы супермаркетке чейин барууга уруксат берилген. Ошол эле учурда, медициналык мекемелер жана өндүрүш ишканалары, ошондой эле логистикалык компаниялар ишин улантууда. Бирок коменданттык саат чет элдик туристтерге киргизилген эмес. Бул жергиликтүү тургундарда нааразычылыкты пайда кылды, анткени пляждарда жергиликтүү тургундар сууга сүзгөндүгү үчүн айыппулга жыгылышат, ал эми туристтер үчүн шарт түзүлгөн.
Демек, чиновниктер бизнесин жок кылып албоо үчүн карапайым элге чектөө киргизип ооругандардын статистикасын төмөндөтүүнүн камын көрүшүүдө деп билдиришкен.
Бул тууралуу Lenta.ru басылмасы жазып чыккан.
Булак: NazarNews.kg