www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан элин жана  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнүнө байланыштуу Сизди жана боордош кыргыз элин чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Ортоктош тил, тарых, ишеним, маданият жана баалуулуктар менен биз байланышып турган Кыргызстан менен мамилелерибиз жана кызматташтыгыбыз келечекте  Сиздин зор салымыңыз менен дагы да өнүгө тургандыгына терең ишенем.

Турк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин VI Саммити жана Стратегиялык Кызматташуунун Башкы Кеңешинин төртүнчү жыйынына байланыштуу 2018-жылдын 1-3-сентябрь күндөрү Сиздин абдан ажайып кооз өлкөңүзгө келгенимде Жогорку мартабаңыз менен жолугуу мага кубаныч тартуулайт.

Учурдан пайдаланып Жогорку мартабаңызга ден-соолук, бакыт- таалай жана ийгилик, дос жана боордош кыргыз элине болсо тынчтык, бакубаттууулук жана амандык тилейм», — деп белгиленет Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын куттуктоосунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости