www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалай Асылбековго чара көрүлөбү?

Баарына маалым болгондой Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева мекемедеги коррупционерлердин бетин ачканы үчүн иштен айдалып кетти.

Бирок, чыркыраган Анара коркуп-үркпөстөн коомчулукка чыгып, коррупциянын катыгын берип жаткандардын анабашында Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков турганын ачыкка чыгарды. Бул нойондун буга чейин эле мамлекеттин капчыгын өзүнүкү менен алмаштырып алганы айтылып келген. Жогор жактагылар эми чара көрөөр.

Булак: “Де-Факто”

Последние новости