www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Акыркы убакта кыз-келиндерге зордук-зомбулук күч алып кетти. Кыздар коргоого муктаж заманга келгендейбиз. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан акыркы окуя бүгүнкү азабыбыз, деңгээлибиз экенин даана көргөзгөндөй...

- Бул маселе боюнча эфир жасайлы деп мамлекеттик органдарга кайрылдык. Көп жерге сунуштасак деле укмаксан болуп, «колум бошобойт жатат» деп, негедир бул темага баары кайдыгер.

«Ушуну айтып берели, муну кылалы, бул туура эмес нерсе» дегенден баары качып турушат. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Биз кыздарыбызга зомбулук көрсөтө берсек, эртеңки келечектери кандай болот? Алар жаш кезинен ушундай коркуу сезим менен жашоого аралашып жатса, анан кантип бактылуу аял, келин, жубай, өзүнө ишенген эне болуп калыптанат? Милиция кызматкерлери ушундай кадамга барып жаткандан кийин кызды айтпай эле коеюн, ата-энеси мамлекеттик органдарга кантип ишенет? Абдан өкүнүчтүү окуя болду. Канча бир жылдар мурун бир айылдан ушундай топтошуп зордукташкан. Ал кыздын акылында кичине кемтиги бар болчу. Бирок үй оокаттарын жасап, бир караган кишиге билинчү эмес. Ошол кызды зордуктап, анан «баланчанын көкмээ кызы» деп оорусуна басым жасап сүйлөп жаткандарын укканда, жандүйнөм аңтар-теңтер болгон. Өз балдарын акташ үчүн эмне деген гана сөздөр айтылбаган?..

Ал энелер өз баласы кесилип кетпесин деп күйөт, бирок башка бирөөнүн баласына андан да чоң жамандык жасалганын аңдабай, кыздын кемчилигин баса белгилеп, өздөрүн коргогонго шашышат. Ошондон улам бул маселе менен кантип күрөшүшү керек?» деген жагдай турат.

Көп учурларда кылмышка баргандардын апалары, эжелери «кунаажын көзүн сүзбөсө... «кыз минтип кийинип алган да, качып кетпейт беле...» деп күнөөнү оодарышат. 13 жашар кыз али бала да. Мурда да ушундай окуя кайталанган. Күнөөкөр адамды «беш маал намазга жыгылат» деп коргошот. Ошондо наристе кыз ушундай ишке өзү барганбы? Динге да акаарат кылып, мусулманчылыкты курал катары колдонушканы өкүнүчтүү. Акыркы окуяда да 30-40 жаштагы адамдарга 12-13 жашар кыз өзүнүнү балдарындай эле болуп жатпайбы! Үйүндө ошол курактагы балдары бар да. Коом кайда баратат? Бул бүгүнкү зарыбыз. Оорукчан коом болуп баратабызбы? Жандүйнөң кейийт

Булак: Азия News гезити

Последние новости