www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аляска бир кезде Орусияга таандык болгонун АКШ эстен чыгарбашы керек, деп билдирди Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин. Анын пикиринде, АКШ Орусиянын чет өлкөдөгү ресурстарын “башкаруу аракетин баштаганда” бул жөнүндө ойлонушу керек.
"Адептүүлүк алсыздыкты билдирбейт. Бизде ар дайым жооп бере турган бир нерсе бар. Ал эми Америка аймагынын бир бөлүгү Аляска мурда бизге таандык болгонун эстеп жүрсүн. Мына ошондо алар биздин ресурстарды чет өлкөдө башкарууга аракет кыла баштагандан мурун алар бизди да ойлошот "кайтара турган нерсебиз бар деп", - деди Володин Мамлекеттик Думанын жыйынында.
1799-жылдан 1867-жылга чейин Алясканы Орусия империясынын жарым-мамлекеттик колониялык соода уюму болгон Орус-Америка компаниясы башкарган. Алар Крым согушунан кийин Алясканы сатууну чечишкен. Америка Кошмо Штаттары 1867-жылы мартта Вашингтондо Алясканы сатуу келишимине кол койгон.
Булак: NazarNews.kg