www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыры жүрүп-жүрүп реформа мектептерге жетти. Билим берүү тармагын реформалоо пландалууда. Бул тууралуу билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев 1-июлда жакшы жаңылыктарды угасыңар деген, кечирээк болсо да бул жаңылык элге жетти. Минкабдын орунбасары Эдил Байсалов кайдагы майда-барат ушактарга киришпей, чоң реформаларды ишке ашырса. Буга чейин билим берүү тармагы бир топ реформаларды башынан өткөзгөн. Өзгөртүүлөрдүн жаңысы көп жылдан бери иштеп келген мектеп директорлорун ротациялоого байланыштуу. Буга чейин мектептерде кружок, факултатив, кечки мектеп деген анча-мынча акча төлөнө турган билим берүүнүн өзгөчө түрлөрү боло турган. Акча каражаттарынын тартыштыгынан кружок, факултатив, кечки мектеп деген анча-мынча акча төлөнө жерлердин бары реформага шылтоолонуп жабылган. Ушундай реформалардын айынан кээ бир сабактар кыскарып, кээ бир сабактардын көлөмү көбөйтүлгөн. Реформалардан улам 20 сааттык башталгыч класстардын мугалимдеринин ставкасы 16 саатка түшүрүлгөн.

 Эмки реформалар мектептерде өзүн-өзү билип кичинекей хандыктарга, графтарга, герцогдорго айланган мектеп директорлоруна жетти. Анткени, кээ бир жерде мектеп директорлору «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деген принциптерине таянып, мектептин окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларын өзүнүн жакын туугандарын, өң тааныштарын коюп коюшуп, биргелешип жакшы иштеп жаткан мугалимдерге каршы иштерди жүргүзүп, акырында мындай мугалимдерди кетирүүгө аракет жасашат. Логика түшүнүктүү эптеп иштеп директорлорго көз каранды мугалимдер көп болсо, өз алдынча иштеп мектеп директорлору менен теңме-тең иштеген мугалимдерге караганда жакшы болот эмеспи. Бул жерлерде окуунун сапаты экинчи орунга чыгып, биринчи орунга мектеп директорлорунун жеке кызыкчылыгы чыгып калат.

Акылбек Жапаровдун айтымында, жакын арада министрлер кабинетинде документке кол коюлуп, ага ылайык жетекчилер аттестациядан өтүшү керек. Жаңычыл мамиле жасаган жетекчилер гана мурдагы кызматтарында калат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров минтип айтты: «Документке кол коебуз, баарын штаттан чыгарабыз, аттестация өткөрөбүз. Жаңычыл көз караштагы адамдар алынат. 20-30 жылдан бери иштеген мектеп директорлоруна ротация болот. Иштелип чыккан өлкөлөрдө бир директор 5-6 мектепти жетектейт. Эгерде алар профессионал болсо, анда силер да ошондой иштесеңер болот. Мындай механизмдерди карап жатабыз».

“Кетпес хан” болуп алган директорлор арбын. Мындайларга эч кимдин күчү жетпей койгон да. Ошолордун баарын алмаштырыш керек. Реформа жасала баштады, Кыргызстандагы мектептердин баарын билим берүү министрлигине өткөрүү, директорлорду ротациялоо зарыл. Жакында болгон Акылбек Жапаровдун айткандарында жакшы пикирлер айтылды. Зыян келтирбей туруп катуу реформага баруу керек. Болбосо билим берүү системасын жоготуп алабыз.

Ошондо жетекчиликке жаштарды тартуу бир жагынан туура эмес. Тажрыйба керек. “Жаштар, жаштар” деп атып эмне болдук? Көп жыл көп кызматтарда иштегендер бар, баары бир тажрыйба керек экен. Анан ниет, өлкөгө кызмат кылуу максаты болушу керек экен. Мамлекетке кызмат кыла турган мезгил келди го. Болбосо мындан ары да тереңдеп, абал оор боло бериши мүмкүн. Жаштардын тажрыйбасы жок, картаңдар коррупцияга аралашып кетти деп айткандар бар. Издеш керек. Жаштардын арасында кыйындары, тажрыйба алгандары бар. Аксакалдардан деле тазалары бар да.  “Замкнутый круг” болуп калышы мүмкүн эмес.

20 миллион доллардай акча мектеп директорлорунун жеке чөнтөгүнө түшүп жатат. Бир мектепте беш-алты класс бар. “А”, ”Б”, “В”, “Г”... Бир сезондо орточо 40-50дөн бала окуйт. Анан ошону беш жүз доллардан эле көбөйтсөңөр. Аны жүзгө көбөйткүлө, себеби, Бишкекте жүз мектеп бар. Директорлор жаңыдан мектепке кирип аткандардан бери эле дегенде 500 доллардан алышат. “Мектепке жардам” деле дебейт, «нагло» эле сурашат. Болбосо балаңды албай коюшат. Ошондо Бишкек шаары боюнча 20 миллион доллардын тегерегинде акча болот. Муну элдин баары билет.

Ушундай өзүнө-өзү хан директорлордун айынан, бир класстагы 42 баланын ата-энесинин ичинен 3-4өө эле өз ою бар, кошоматчы эмес, бетке айткандар экен. Калгандары эки сүйлөгөн, жеткен кошоматчы, көзү барда болушунча мактап сүйлөп көзү жокто болушунча жамандагандар экен. Мектеп директорлору бузулса ата-эне да бузулат. Директор жаман, акча талап кылат, ремонтко акча бербейбиз, андан чоңдорго киребиз деп өздөрүнчө группада кыйын сүйлөшөт. Ачык айтып ызылдатып чыксаң эртеси директор тарапка оошуп, эмнеге айтасың, көз жумуп эле койбойлубу, унчукпай эле чогулта бербейлиби, кашанын баарын сен «заварить» эттиң деп кайра баштаган адамга күнөө коюшуп директордун кошоматчысы боло калышат. Мыйзамсыздыкка каршы туралы, коом тазалансын дегенди билишпейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости