www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роналдиньо айтылган убакта Кыргызстанга келген жок

Роналдиньо Кыргызстанга келген жок. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортундагы булактар ​​тастыктаганын 24.kg агенттиги жазды.

Айрым маалыматтарга караганда, Роналдиньону “салык төлөбөгөндүктөн” Бразилиядан чыгарбай коюшкан. Футболчу бүгүн саат 13.55те “Манас” аэропортуна конгон учактын жүргүнчүлөрүнүн тизмесинде болгон жок.

Буга чейин "Барселона" футбол клубунун президенти Жоан Лапорта легендарлуу футболчу Роналдиньо Кыргызстанга учуп келерин билдирген. Кыргыз Республикасында “Барса” футбол академиясын ачуунун демилгечилеринин бири “ЖалГрупп Азия” ЖЧКсынын жетекчиси Айбек Алыбаев да спортчу Бишкекке бүгүн келет деп ишендирген. Ал 

Эске салсак, чет элдик басылмалар "Алтын топтун" ээси, футболчу Роналдиньонун алдамчылык иши боюнча соттук отурумдарга келбей калганы үчүн Бразилиядан чыгууга тыюу салынганын жазып чыгышкан.

Белгилей кетсек, 30-августта саат 20.00дө Бишкектин «Спартак» стадионунда «Барселона» футболдук клубунун легендалары менен беттеш болот. Алар "Азия легендалары" командасы менен беттешет. "Барселонанын" футболдук командасынын капитаны Карлес Пуйоль буга чейин борборго келген. Анын артынан Ривалдо Феррейра жана Хавьер Савиола учуп келишкен.

 

Последние новости