www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия эл аралык аба каттамын жандантты

Россия бүгүндөн баштап эл аралык аба каттамын жандантты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Коронавирус пандемиясынан улам 27-марттан баштап аталган мамлекет эл аралык аба каттамдын бардык түрүн токтоткон.

"Биринчи кезекте аба каттам Улуу Британия, Түркия жана Танзания мамлекеттери менен жанданган. Бүгүндөн баштап россиялыктар Лондон, Анкара, Стамбул шаарларына жана Занзибар аралына учуп бара берсе болот. Ал эми 10-августтан тарта Анталья, Бодрум жана Даламан шаарларына учактар кете баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын өкмөтү 1-августтан тарта бир нече мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды жандантуу ниетин билидирип, алардын жообун күтүп жатканын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости