www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араванда сел жүрдү

Ош облусунун Араван районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел кечээ, 31-июль күнү саат 19:00 чамасында жүргөн. Жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Папан-Кичи-Алай унаа жолунун 82-89-чакырым аралыктарында сел жүрүп, унаа жолду кум шагылга толтурган.

Бүгүн, 1-августа жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости