www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Ысык-Көлдүн аймагында аскердик учактарын машыгуудан өткөрдү. Бул тууралуу 31-июлда "Известия" басылмасы Россиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскердик округуна таянуу менен кабарлады.

Маалыматка караганда, Су-25СМ учактары «Эдельвейс» полигонунда өткөн машыгууда өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Мекеме «учактар шарттуу түрдө душман катары белгиленген бутаны соккуга алып, командалык пунктун, техникасын, ок атуу каражаттарын жок кылды. Башкарылбай турган С-8 ракеталардын 50 даанасы чыгарылды. Мындан тышкары 20 авиабомба ташталды», деп билдирди.

Машыгууга он Су-25СМ учагы жана 100 аскер кызматкери катышты.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Россия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан. 

Быйыл 24-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы бириккен аскердик базасынын макамы жана жайгашуу шарттары жөнүндөгү макулдашууга кошумча киргизүү тууралуу протоколдун ратификациясын бекиткен мыйзамга кол койгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости