www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оренбург, Самара облустарындагы Россия-казак чек арасынын аймагына топтолгон 3,5 миңден ашык Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары мекенине жөнөтүлөрүн жергиликтүү өкмөттүн билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Оренбургдагы Бузулук менен Самара облусунун аймагындагы Россия-казак чек арасында үч миңдей кыргызстандык жана 500дөн ашык өзбекстандык чогулган.
Бузулук жана Самара облусундагы Кыргызстандын жарандары эки күндүн ичинде Казакстан аркылуу мекенине кайтарылат. Алардын саны үч миңди түзөт. Өзбекстандын үйүнө кетүү мүмкүнчүлүгүн күткөн 500дөн ашык жараны да болжолдуу сүйлөшүүлөр аркылуу 6-августта чек араны кесип өтө алат. Алар мекенине темир жол транспорту менен жөнөтүлөт", — деди облустун бийлиги.
"Биздин облус алгач ирет жалган маалыматка ишенип адашкандар үчүн мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүн издеген аянтча болуп жаткан жок. Алар чарчашты, бирок жакында үйлөрүнө барып калышат",— деген Оренбург облусунун губернатору Денис Паслер.
Басылмага аймактык бийликтен билдиргендей, чатыр тигип алган мигранттардын арасында улгайгандар, кош бойлуулар жана балдар бар.
"Чек араны кесип өтүү маселеси аймактык бийликтин компетенциясына кирбейт. Ага карабастан облус өкмөтү Казакстандын чек арасы аркылуу "бажы коридору" түзүлөрү тууралуу имиш кептерге ишенип алгандарга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жасоодо. Биз аларга суу, электр кубатын тартып, алып барып бердик",— деди облустук бийлик өкүлү.
Буга чейин да Оренбургга келип, андан бери Кыргызстанга өтө албай калган учурлар кездешип, өкмөт коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп, маселени чечкен болчу.
Булак: NazarNews.kg