www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте убактылуу стационарда каза болгон студент Адинай Мырзабекованын атасы Замир мырза кызын эскерип, элдин баарын ыйлатты.

Атанын кызынын туулган күнүнө карата эскерүүсү:

“2-август күнү Адинай кызыбыздын туулган күнү эле. 22 жашка толмок. Жеке буюмдарынын ичинде бир блокно́т бар экен. Ошол блокнотко жашоо, өмүр жөнүндө ойлорун жазып анан ал ойлорду уюлдук телефонуна жаздырып коюптур. Ар бир сөзүн угуп алып ыйладык. Кечээ чогу окуган курсташтары келди. Алар Адинайды эскеришсе жашыбыз токтогон жок. Окуу жайдын ректору келип "Адинайды окуу жайыбызга алып калабыз деген кадрлардын бири болчу. Мыкты студентибиз деп документтерин даярдатып жүрчүбүз"-деп ыйлады.

Обсервацияда чогу иштегендери келип, көп нерселерди айтышса ушундай жүрөгүбүз жанчылды...Коргончу кийим менен 11 саат бир тамчы суу ууртабай кызыл зонада иштегендик...бул дарыгерлер үчүн кандай азап болгонун элестетип аябай жаман болдук . Ушундай тердегенден респиратордун ичине толгон терди жутуп жүрө беришчү экен. 11 саат туалетке барбай иштегенден сууну көп ичпей сактанышчу тура. Кызыл зонадан чарчап чыккандан кийин кийимдерди чечип, муздак душка түшүп, суудан ичип эле тамак ичкенге шаймандары келбей уктап калышчу экен. Эс алып эле кайра иштеш керек да.

Адинай чогуу иштегендерди аяп, көп учурда "Сен олтура тур. Мен барып бейтаптарга укол сайып, текшерип келем. Бир бейтап аябай кыйналып жатат. Карап келейинчи", - деп ар бир бейтап менен баарлашып, өмүр сакчылык милдетин аткарыптыр. "Чуркап эле иштеп жүргөнүн көрүп. Биз да аябай таң калып, келечекте мыкты дарыгер болот экен деп койчубуз" -деп эскеришти.

Ушундай кыйналганынын бирин да бизге айткан жок эле. "Дагы калып иштейм, дарыгерлер жок болуп жатат. Бейтаптар көп."- деп чалган. Биз эс ал деп эч макул болгон жок элек. Көрсө ал дарыгерлер жок дагы 15 күн иштейм деп эчак эле кол коюп берип койгон экен. Адинай өз ыктыяры менен адам өмүрүн сактайм деген чечимди кабыл алганы анын эрдиги. Төрт кызым бар. Адинай экинчи кызым. Элдин башына кыйын күн түшкөндө карап турбастан өз милдетин аткаргандыгын кабыл алууда да... орду толбой турган жоготууну кабыл алуу ата менен энеге өтө оор. Кардиохирург, нейрохирург болом деген кыялдары калды. Атамдын жүрөгүн айыктырам деген үмүтү калды. Сиңдиси Жанэлди медик кылам деген тилеги калды. Адинай 21 жаш гана жашады. Ошол тырмактай өмүрү адам өмүрүн сактайм деп токтоду. Эч бир жан баласын жоготпосун. Эч ким оорубасын. Элибиз аман болсун....Айта турган сөз ушул”, - деп Адинайдын атасы Замир мырза эскерүү жазды.

На изображении может находиться: 1 человек, шляпа, часть тела крупным планом и в помещении

Нет описания фото.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости