www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 2-августта Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чечен Республикасы тарабынан жалпы суммасы 51 миллион 41 миң 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам бүгүн кыргыз-казак чек арасынын “Ак Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргыз өлкөсүнө киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.

Орусиянын “Фармстандарт” ачык акционердик коому Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары:

  • коргоочу кобинезондор - 24 миң 100 даана;
  • үч кабаттуу беткап - 24 миң 729 даана;
  • полимердик материалдан жасалган көз айнек - 5 миң 248 даана;
  • бет калкандар - 10 миң 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости