www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19 / Covid-19) улам каза болгон адамдардын саны 689 миң 910дан ашты. Жуктуруп алгандардын саны 18 миллион 84 миңден жана айыгып кеткендердин саны 11 миллион 374  миңден ашты.

Пандемиядан эң көп таасир алган өлкө Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) каза болгон адамдардын саны 157 миң 935ке, ал эми жуктуруп алгандардын саны 58 миң 739 адамга көбөйүп 4 миллион 767 миңге жетти. Өкүлдөр палатасында Аризонанын өкүлү, демократ Грижалванын Ковид-19 тести позитив болуп чыкты.  Ак үйдүн Ковид-19 тапшырма күчтөрүнүн координатору, доктор Биркс, өлкөнүн эпидемияга каршы күрөшүүсүндө барган сайын жуктурган учурлар көбөйүп бараткан жаңы баскычта экендигин билдирди.

Европадагы эпидемиянын чордону Улуу Британияда Ковид-19дан каза болгондордун саны ушул кезге чейин 46 миң 193 адамды түзгөн, ал эми 303 миң 952 жуктурган учур катталган.

Латын Америкасында эпидемиянын чордону деп аталып калган Бразилияда вирустун айынан каза болгондордун саны 93 миң 616 адамга, ал эми жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 708 миң 876га жеткен.

Мексикада Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны акыркы 24 саатта 784 адамга көбөйүп, 47 миң 472ге жетти, жуктуруп алгандардын саны 9миң 556 адамга көбөйүп 434 миң 193га жогорулады.

Аргентинада 3 миң 612 адам көз жумду, эпидемиядан эң көп жабыр тарткан борбор шаар Буэнос-Айрес жана чөйрөсүндө 16-августка чейин карантин киргизүү мөөнөтү узартылды.

Бельгияда Ковид-19 кесепетинен 9 845 адам көз жумду, ал эми жуктурган учурлардын саны 69 миң 402 болду. Улуттук саламаттыкты сактоо институту (Sciensano) 22-28-июль аралыгында күнүнө орточо оорулардын саны 448,1ге жеткенин, бул өткөн жумага караганда эки эсе көп экенин жарыялады.

9 миң 226 адам каза болгон жана жуктуруп алгандардын саны 211 миң 77ге жеткен Германиянын борбору Берлинде "Querdenken 711" аттуу уюм тарабынан Ковид-19 өлүмдөрүнө нааразычылык билдирүү үчүн миңдеген адамдар премьер-министрлик имаратынын алдында митинг өткөрдү.

Ковид-19дун айынан Францияда 30 миң 265 адам каза болуп, жуктуруп алгандардын саны 187 миң 919га жетти.

Австралиянын Виктория штатында Ковид-19ду жуктурган учурунун көбөйүшүнө байланыштуу "Кырсык кырдаалы" жарыяланды. Аймакта жарым-жартылай коменданттык саат киргизилип, көптөгөн иш-аракеттер чектелди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости