www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп Бостон марафонунда террордук акт жасаган Джохар Царнаевге өлүм жазасын жокко чыгарган соттун чечимин сынга алды. Бул тууралуу АКШ президенти өзүнүн Твиттеринде жазды.

«Бостондогу бомбалоочу Джохар Царнаев өлүм жазасына татыктуу. Сот анын бул аракети "2001-жылдын 11-сентябрынан берки эң чоң террордук чабуулдардын бири" экендигине макул болду. Ошого карабастан, апелляциялык сот өлүм жазасын жокко чыгарды”, - деп нааразылыгын маалымдап, Царнаевди "айбан" деп атады.

Трамптын айтымында, Федералдык бийлик кылмыш ишин кайра каралып чыгуусуна жетишип, сот иши узак убакытка созулбашы керек.

Эске сала кетсек, Царнаев 2013-жылы Бостон шаарында өтүп жаткан марафондо бир тууган агасы Тамерлан менен бирге теракт уюштурган жана анын кесепетинен үч адам өлүп, 280ден ашык адам жарадар болгон.

Өткөн жума күнү апелляциялык сот өлүм жазасына тартуу боюнча Царнаевге карата мурда чыгарылган чечимди жокко чыгарган. АКШ президенти Дональд Трамп апелляциялык соттун мындай чечимине макул эмес экендигин, деги эле бул процесс өтө узак убакытка созулуп кеткендигин жана Царнаевди өлүм жазасына тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаарын баса белгиледи.

Эске сала кетсек, Джоахар Царнаев Кыргызстандын Токмок шаарында 1993-жылдын 22-июлунда төрөлгөн. Анын үй-бүлөсү 1990-жылдардан кийин Дагестанга көчүп кетишкен. Бирок 2002-жылы АКШга эмиграцияга барышып, Грин-карта алуу учурунда Царнаевде Кыргыз паспорту болгон. АКШда жашап жүрүп, 2012-жылы аталган өлкөнүн жарандыгын алган.

Эксклюзив. Самая полная история семьи Царнаевых. фото, видео ...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости