www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстанга жөлөк пулдарды төлөө үчүн каражат берет

Россия Федерациясынын өкмөтү Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирди.

Акчалар Кыргызстандын бюджетиндеги каржылык боштукту жабууга жумшалаары белгиленди. Анын ичинде бюджеттик тармактын кызматкерлерине эмгек акыны төлөө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө, ошондой эле саламаттыкты сактоо тутумун каржылоо үчүн.

“Келишимдин долбоору кыргыз тараптан жактырылды жана жакынкы аралыкта кол коюлат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости