www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия менен Батыш дүйнөсү катуу чарпышып калды.  Британия чакырыгына кошулуп,  26-мартта АКШ баштаган 17 өлкө орус дипломаттарын чыгаруу чечимин кабыл алды.

Эң оор сокку Кошмо Штаттар тарабынан урулду. Вашингтон Солсберидеги ууландырууга байланыштуу Британиянын Россияга шектенүүсү негиздүү деп, Россиянын 60 дипломатын чыгаруу жана Сиетлдеги консулдугун жабуу чечимин кабыл алды. Трамптын бул чечими АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын 23 орус дипломатын айдаган чечимине караганда алда канча масштабдуу жана олуттуу болду.

Британия чакырыгына АКШдан сырткары Европалык ири мамлекеттер Франция, Германия, Испания, Италия, Польша кошулду. Алардын катарын  Голландия, Дания, Чехия, Эстония, Латвия, Украина жана башка өлкөлөр толуктады.Канада, Австралия да сыртта калбады.

Жалпысынан Батыш мамлекеттери Россиянын 140ка жакын дипломаттарын айдоо чечимин кабыл алды.

Орус расмийлери Батыш мамлекеттеринин жамааттык чечимин айыптап жатышат. Бирок болуп көрбөгөндөй бул дипломаттык айдоолорго карата Москва кандай жооп берери азырынча белгисиз. Москва учурда Кемероводогу өрттөн пайда болгон оор жарааты менен алек…

Кемероводо соода борборунда чыккан өрттөн 64 адам, анын ичинен көпчүлүгү балдар өмүрүн жоготуп, Россияны абдан чоң кайгыга батырып турат.

Мына ушундай учурда Батыштын орус дипломаттарын массалык түрдө айдоосу Москва үчүн, орус калкы үчүн абдан катуу, эстен кеткис сокку болуп калды.

Батыш менен Москванын араздашуусу жана келишпөөсү 2014-жылы Украина жаңжалынан кийин катуу курчуганы маалым. Негизи эле Москванын баш көтөрүп, өз кызыкчылыгы үчүн күрөшүүсү жана эл аралык саясатка көбүрөөк аралашуусу Батыштын жаалын келтирип, аны ордуна коюу амалдарын көрүүгө мажбур кылып жаткан.

Россия өтө эле ири, аскердик жактан абдан кубаттуу мамлекет болгондуктан аны Ливия, Ирак, Югославия сыяктуу бомбалап, жер менен жексен кылып салуу мүмкүн эмес.  

Ошондуктан финансылык-экономикалык, технология, моралдык жагынан мүмкүн болушунча кысымга алуу, жектөө жүрүп жатат. Эми дипломатиялык жактан катуу кысым, кемсинтүү жасалды.

18-марттагы президенттик шайлоодо 76% менен жеңишке жетишкен Владимир Путин башкы көңүлдү ички саясатка бурарын, мамлекетти өнүктүрүүгө аракет жасарын билдирген. Бул албетте эң туура кадам. Анткени экономикалык жактан кубаттуу, бар тарабынан өнүккөн Россия Батыштын ар кандай жектөөлөрүнө туруктуу болот.

Мындан сырткары дипломаттарды массалык түрдө айдоо окуясы Россия бийлигин Батыштан жүз үйрүп, Кытай, Иран, Түркияга дагы да жакындоого түртүшү ыктымал. Ошондуктан бул окуянын геосаясий натыйжасы да болбой койбойт…

Булак: Элньюс

 

Последние новости