www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев жана анын мүчөлөрү 7-апрелде 10 миң адамдын катышуусунда митинг өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековго бир катар талаптарды койгону жатканы маалымат каражаттарында жазылды. Сиз да Апрель баатыры катары ушул митингге катышасызбы?
- Азыр эч ким митингди, тополоңду каалабайт. Элибизге тынчтык гана керек. Ал эми Мээрбек Мискенбаевге окшогондордун сөзүнө маани деле бербей койсок болот. Анын артында кимдер турганын элдин баары билет. Апрель окуясына активдүү катышып, дал ошол окуядан жабыр тарткандардын көпчүлүгү Мискенбаевди колдобойт. 7-апрель окуясын саясатташтырганды токтотуш керек.
- Жаңыдан ишке киришкен президентке каршы митингдин кереги барбы?
- Жаңы президент коррупцияга каршы күрөштү чечкиндүү баштап, анын өзөгүн тапты. Бул айрымдардын түн уйкусун бузуп жатканы жашыруун эмес. Ошол эле митинг деп жаткандар кимдер экенин жакшы билебиз. Буларды эл эч качан колдобойт. Аны өздөрү да жакшы билсе керек. Президент өз ишин татыктуу баштады, аны колдошубуз зарыл.
Булак: NazarNews.kg