www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун Улуу Британияда чыккан штаммын аныктоочу дүйнөдөгү алгачкы тестти Россияда иштеп чыгышты. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин сайтында жазылды.

Тест-системаны аталган мекеменин Эпидемиология боюнча борбордук илимий-изилдөө институту иштеп чыгып, каттоого алган.

--"Каражат клиникалык сыноо учурунда эффективдүүлүгүн тастыктады. Ошондой эле бул жаңы технология менен коронавирустун башка мутациясын аныктай алчу реагенттерди жасаса болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Кийинчерээк ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга ылдам экени маалым болгон. Деген менен адам өлүмү көп катталган учур жок.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости