www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва шаарынын Савелов соту Кыргызстандын жаранын полиция кызматкерин тырмак алгыч менен коркуткандыгы үчүн 2 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жактоочуга шилтеме берүү менен жазышты.

Жактоочунун айтымында, Кыргызстандын 3 жараны дүкөндүн күзөтчүсү менен урушуп кетишкен. Кыргызстандын жарандары коомдук тартипти бузушкан эмес, бирок окуя болгон жерге полиция кызматкерлери чакырылган.

Кыргызстандын 3 жаранын тең полиция бөлүмүнө алып барып, окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн нөөмөтчүгө өткөрүп беришкен.Бирок ал жактан укук коргоочу менен кыргызстандыктардын ортосунда жаңжал чыгып, Н.О. аттуу Кыргызстандын жаранын жерге жаткырып, колуна кишен салууга аракет кылышкан. Бирок Н.О. эшиктин кармагычын кармап алган.

«Андан кийин нөөмөтчү эшикти катуу тээп, Н.О.нун 2 манжасын сындырып салган», - деди жактоочу журналисттерге.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Н.О.дон кол кишенди чечип, жардам көрсөтүшкөн. Бирок ал тырмак алгыч менен укук коргоочуну коркутуп баштаган.

«Жактоочунун айтымында, Кыргызстандын жаранынын чөнтөктөрүн аңтарып, тырмак алгычты ага чейин эле алып коюшкан», - деди жактоочу.

Кыргызстандын жараны 2 жылга камакка алынды, бирок ал күнөөсүн мойнуна алган жок. Жактоочу да соттун чечимине даттанышарын билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости