www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кореядан Кыргызстанга гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 3-ноябрь күнү Кореянын Өкмөтү тарабынан гуманитардык жардам катары бөлүнүп берилген 300 000 АКШ долларына КРнын Кореядагы Элчилиги тарабынан 12 санариптик рентген аппараты, бир жасалма дем алдыруучу аппарат жана 50 даана термометр алынып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек,аталган жабдыктарды Кыргызстанга алып келүүгө “Манас Ложис” логистикалык компаниясы, Кореянын соода-сатыкка көмөктөшүү жана инвестициялар боюнча агенттиги (KOTRA) жардам көрсөткөн.

Ошондой эле Кореянын эл аралык KOICA уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жардамы менен Кореядан Кыргызстандын лабораториялык кызматына биоматериал чогултуу үчүн 5 смарт-кабина гуманитардык жардам катары берилген.

Эске салсак, Кореядан буга чейин Кыргызстанга бир катар медициналык каражаттар алынып келинген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости