www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Якутияда мигранттардын жумушка орношуусу жана документтерин жасоо үчүн акысыз мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Ал кыргыз тилинде да жеткиликтүү болот. Бул тууралуу "Новости Якутии" порталы маалымдады.

"Шериктештик" деп аталган тиркемени Якутиянын Тышкы байланыштар жана элдик иштер министрлиги менен Кулаковский атындагы эл достугу үйү иштеп чыккан.

Колдонуучулар тиркеменин жардамы менен документтердин даяр болгонун, патенттин түп нускасын текшере алышат. Ошондой эле анда жумушка уруксат алуу, Россияга кирүүгө тыюу салууну текшерүү, жол эрежеси боюнча айып пулдар сыяктуу кызматтар жеткиликтүү.

Мындан сырткары, тиркемеде колдонуучуну башка маалымат сервисине жиберип коюу мүмкүнчүлүктөрү да түзүлгөн. Чет өлкөлүк жарандар тиркеменин жардамы менен Якутиядагы сунуштулган жумуш орундардын базасы менен таанышып, иш берген адамга резюмесин жибере алат.

Сервис орус, якут, англис, кытай, өзбек, тажик, кыргыз тилдеринде иштелип чыккан. Тиркеме iOS жана Android каражаттарынын колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Аны смартфонго yakutia-sodr.ru шилтемеси аркылуу кирип көчүрүп алса болот. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости