www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын сатиралык журналы Charlie Hebdo, Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын айынан көптөгөн киши өлтүрүлгөндөн кийин Франциядагы террордук актыларга жаңы карикатура аркылуу реакция жасады.  

Карикатурада баштары кесилген жылаңач төш кабаре бийчилеринин сүрөтү түшүрүлгөн. Ошол эле учурда, алар баштарын колтук алдында кармап, жүздөрүндө кубанычтуу жылмайуу бар. Сүрөттөгү жазуу "Франция ар дайым Франция бойдон кала берет" деп жазылган. Сюжет акыркы окуяларга байланыштуу: 29-октябрда Тунистин тургуну, "Аллаху Акбар" деп кыйкырып, Ниццадагы чиркөөдөгү адамдарга бычак менен кол салган. Ал үчөөнү өлтүрүп, курман болгондордун бирин башын толугу менен алганга жетишкен. 

Мындай кылыгы менен басылма кандай максаттарды көздөп жатканы белгисиз. Бирок, Ислам дүйнөсү менен Франция, Европа же болбосо ошол эле башка динди тутунган адамдар арасындагы согуш дагы курчушуна өбөлгө түзүүдө десек жаңылышпайбыз. Эркин басылма катары, Макронго ишенип мындай карикатураларды чыгарганы, бул- тазалай провокация экени айдан анык. Бирок, ошол эле учурда мусулмандар да мындай провокацияларга алдырбай сабыр сактап калбастан бир кишинин артынан экинчи күнөөсүз адамдарга кол салып, өмүрүн кыйып, ар кандай терракт жана агрессивдүү кадамдарды жасаганы басылманын табасын кандырып дагы да шылдыңга алуусуна, мындан жаман карикатуралардын басылып чыгышына жол берип жатышат. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости