www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 3-ноябрь күнү КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Абдалла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кзматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, сүйлөшүү учурунда Казакбаев кесиптешине Кыргызстанда саясий кырдаал турукташканы, өкмөт куралып, президенттин милдеттерин убактылуу өкмөт башчы аткарып жатканы тууралуу айтып берген.

Ошондой эле тараптуу кызматташтык, саясий диалогду активдештирүү, өз ара расмий сапарларды уюштуруу маселелери талкууланган.

Сүйлөшүү учурунда Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарына COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык айтып, БАЭ өкмөтүнүн Кыргызстан менен гуманитардык кызматташтыкты улантуу ниетин кубаттарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости