www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы шайлоо: Трамп же Байден? Ким алдыда?

Азыркы учурда АКШда президенттик шайлоо жүрүп, талапкерлер – ушул таптагы мамлекет башчы Дональд Трамп менен Джо Байдендин ортосундагы айыгышкан добуш талаш жүрүүдө.

Бир катар штаттарда Байден артыкчылык кылса, бир катар штаттарда Трамп озуп кетүүдө.

АКШдагы негизги маалымат каражаттары 15 штаттагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жарыялашты. Ага ылайык, ушул сааттарда республикачылардын талапкери, президент Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 63 мүчөсүнүн добушуна ээ болууда.

Ал эми демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден шайлоочулар коллегиясындагы 74 добушту топтогону кабарланууда.

Ошондой эле маанилүү делген штаттардагы көрсөткүч төмөнкүдөй:

Техас (38) - Трамп 50,4 пайыз, Байден 48,3 пайыз  (саналганы 67 пайыз)

Флорида (29) - Трамп 51,3 пайыз, Байден 47,8 пайыз (саналганы 91 пайыз)

Жорджия (16) - Трамп 56,2 пайыз, Байден 42,6 пайыз (саналганы 51 пайыз)

Түштүк Каролина (15) - Трамп 49,3 пайыз, Байден 49,5 пайыз  (саналганы 87 пайыз)

Огайо (18) - Трамп 50,5 пайыз, Байден 48,1 пайыз (саналган 74 пайыз)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости