www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештер үчүн жумуш орундарынын тизмесин жарыялады.

Ал эми маалыматта Москва жана башка аймактардагы мекемелер жумушчуларга муктаж экени айтылат.

Москва шаары

Зеленоград аймагында кийим үтүктөгөнгө 10-класс билими бар, орус тилин билген эркектер жана аялдар керек. 2/2 күндүк график менен иштейт, айлык акысы — 30 миң рубль.

Турак жай менен камсыздалат. Байланыш телефону: +79037202693;

Плитка, армстронг, шыбак боюнча мастер. Өзүнүн курал-жарагы барларга артыкчылык каралган. Эмгек акысы жумуш көлөмүнө жараша жума сайын берилет. Турак жай менен камсыздалат. Телефону: +79852333920;

Метро Отрадное жана Алтуфьеводо орус тилин билген, иш тажрыйбасы, паспорт, медициналык китепчеси жана каттоосу бар жарандарга дүкөндө жүк ташуу жумушу берилет. Айлыгы — 40 миң рубль; Телефону: +79262230797;

Дүкөндү жууп-тазалоого (Нагатинская, Шипиловская, Домодедовская, Коломенская метролору) жумушчулар чакырылат. Маянасы — 40 миң рубль. Телефону: +79262230797;

Митино метросунда дүкөндө жүк ташуу жумушу берилет. Айлыгы — 40 миң рубль. Телефону: +789262230797;

Волгоградский проспекти метросунда жууп-тазалоо иштери, айлык акысы — 47 миң рубль. Телефону: +789262230797.

Санкт-Петербург шаары

Тажрыйбалуу тигүүчүлөр тестирлөө жана медициналык кароодон өтүп жумушка кабыл алынат. Эмгек акысы жумуш көлөмүнө жараша айына эки жолу берилет. Түшкү тамагы бекер, жумушчу жашаган жеринин 30 пайызын төлөйт. Телефону: +79059767761;

Курск облусунун Железногорск шаары

Тажрыйбасы бар 100 тигүүчү талап кылынат. Иш тартиби 6/1, күнүнө 11,5 саат иштейт. Айлыгы 50 миң рублге чейин. Телефону: +79059767761;
Ростов облусу, Шахты шаары

Тажрыйбасы бар 300 тигүүчү талап кылынат. Иш тартиби 5/2, айлыгы 35 миң рублге чейин. Телефону: +79059767761;

Алтай крайынын Барнаул шаары

Тажрыйбалуу тигүүчүлөр талап кылынат. Иш тартиби 6/1, күнүнө 11,5 саат иштейт, маянасы 60 миң рублге чейин. Телефону: +79609452742;
Пушкин облусунун ВДНХ метросу

Тажрыйбалуу тигүүчүлөр керек, иш графигине жараша күнүнө 2200 рубль эмгек акы төлөнөт. Телефону: +79670948777;

Смоленск шаары

Гипсокартон менен иштегенди билген, вентиляция мастери талап кылынат. Күнүнө 12 саат иштейт, кызмат акысы күн сайын 2500 рублден берилет. Үч жолку тамак-ашы жана турак жайы бекер. Телефону: +79268582182, +7962987687;

Троицк шаары

Жуунучу кабина, унитаз, раковина жасоо иштерине эркектер талап кылынат. Эмгек акы жумуш көлөмүнө жараша төлөнөт. Телефону: 89263111990.

Мындан сырткары, жумушка байланыштуу маселелер менен КРдин Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн Facebook баракчасынан жана элчиликтин www.elchi.ru расмий блогунан таанышууга болот.

Маалымат телефондору: +7(901)7061356, +7(901)7611196, +7(980)0780332, +7(977)5973703.

Ал эми азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча кыргызстандыктар элчиликтин Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу кайрыла алат.

+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 – WhatsApp;
+7 (925) 387 45 97 – WhatsApp;
+7 925 103 29 11 – WhatsApp.

Ага кошумча, Россияда КР жарандарын жумушка алууга кызыкдар уюмдар Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн электрондук почтасына [email protected] арыз таштап же +7 (977)5973703 телефону боюнча кайрылса болорун эскертти.

Ошондой эле, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештерди киргизилген тартип, эрежелерди так сактап, ден соолугуна кам көрүүгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости