www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын түштүгүндөгү Хуросон районунда 26 жаштагы жигитти күч менен армияга алып кетүү учурунда сабалганы айтылууда. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 4-апрелде болгон. Туйчибек Хидиров мал жайып жүрөн маалда тилкелик милиция кызматкерлери аны армияга күч менен алып кетүүгө аракет жасашкан. Жигит моюн сунбай койгон. Мындан соң тартип сакчылары аны катуу сабашкан. Жабырлануучунун туугандарынын айтымында, жаңжалдан кийин Туйчибек Хидиров аскер комиссариатына эмес ооруканага жеткирилген.

Тажикстанда жыл сайын уландарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар көп кездешет. Буга чейин өлкөнүн Коргоо министрлиги аскер комиссариаттарына мындай тажрыйбаны токтотуу боюнча тапшырма берилгенин билдирген.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Ар биринде аскерге милдет өтөөгө 18-27 жаштагы 16 миңге жакын жигит чакырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости