www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык пульмонолог Цю Гаунгфэнг казакстандык дарыгерлер менен болгон онлайн-конференция учурунда "Кара жорго" бийи Ухандагы коронавирус оорусуна кандайча жардам бергенин айтып берди, - деп билдирет Tengrinews.kz.

Цю Гаунфенг белгилегендей, адамдар изоляцияда болгон убакта чарчап, ачуулуу болуп калышат. Мындан тышкары, бейтаптардын кыймылы чектелүү. Ошондуктан, кытай адиси доктурларга бейтаптар менен баарлашууга жана алар менен машыгууга өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт.

"Видео сабактарды же аралыктан окутууну колдонуп, бейтаптар менен ар дайым байланышып туруу керек. Ар бир бейтапка жекече кайрылуу керек, бул дагы абдан маанилүү. Аларга активдүү иш-аракеттерди сунуш кылыңыз. Дем алуу көнүгүүлөрү жана бий күнүнө эки жолу жасалышы зарыл",-деди ал.

Буга мисал катары, Цю Гаунгфэнг Ухань ооруканасынын кызматкери, казакстандык кызматкер “Кара жорго” бийин бейтаптар менен бийлегендигин мисал келтирген.

"Бул аларга физикалык жактан да, эмоцианалдык жактан да чоң жардам берди. Бул бийден кийин бейтаптар бир нече күн жүздөрүндө жылмаюу менен жакшы маанайда жүрүштү",-деди дарыгер.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Видео, как китайские медики в Ухане танцуют, чтобы подбодрить пациентов, облетело мировые СМИ. Одной из танцующих оказалась казашка На этом видео она исполняет казахский народный танец «Кара жорга». Sputnik Казахстан узнал, что врача зовут Бахаргуль Будаш. Она этническая казашка из Синьцзяня. В числе лучших специалистов была направлена в Ухань на борьбу с коронавирусом.

Публикация от Sputnik Казахстан (@sputniknewskz)

 

Эске сала кетсек, өлкөбүздө илдетти жуктургандардын саны 590го жетип, анын 216сы сакайып кеткен. Ал эми каза болгон кишилердин саны 7ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости