www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл шаары Бишкек-Ош жолунун аймагында жайгашкандыктан жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коронавирус илдетинин алдын алуу максатында ШИИБдин кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар аймагына 3 жерге санитардык-карантиндик эпидемиялык посттор коюлуп, тиешелүү кызматтар элдин саламаттыгы үчүн жумуш алып барышууда. Алар трасса аркылуу Кара-Көл аймагына кирип-чыгып жаткан автоунааларды көзөмөлдөп, дезинфекциялап жана дене табы көтөрүлгөн жүргүнчүлөр болсо текшерүүгө алышууда.

Ошондой эле милиция кызматкерлери шаар тургундарына жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Атуулдарга зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпай, ооруканага, дарыканага жана азык-түлүккө баруу зарылдыгы жаралган учурларда гана чыгуу керектиги эскертилүүдө. Муктаждык менен көчөгө чыккан учурларда ар дайым беткап тагуу зарылдыгы айтылып, калган убакыттарда үйдө болуу керектиги жеткирилүүдө.

Мындай иш-чаралар Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан да өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери учурдун көйгөйү болгон илдетке байланыштуу шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Беткабы жок көчөдө жүргөн атуулдарга эскертүүлөр берилип, жарандарга беткаптар таратылды.

Милиция жашоочуларды жеке гигиенаны сактоого чакырышып, жөнү жок сыртка чыкпоо керектигин эскертишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости