www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Сайпидин Султаналиев, мыкты кадрлар өлкөбүзгө керек деген пикирин айтып чыкты.

"Абалыбыз оор болуп турат. Өлкө экономикасы буга чейин  деле  аксап келе жаткан. Тумоодон кийин төрт бутунан тушалган  аттай жылбай калаары шексиз. Мындай кырдаалдан мамлекетти  чыгаруу оңой иш эмес. Муну өлкө башчыбыз деле түшүнүп турат деп ойлойм. Учурда чечкиндүүлүк керек.

Парламенттибиз деле бир адамды эмне дээр экен, кандай чечим кабыл алаар экен, сунуштаса эле колдоп, жоопкерчиликтен кутула калалы дегендей  тиктеп турат. 

Азыркы мезгилде мыкты, иш билги кадрлардын кызматка келүүсү гана кырдаалды жөнгө салат. Эң башкысы экономика тармагын мистедей чаккан чыныгы кадр керек. Партиялар сунуштаган бирөөнү алып келип анан  убакыт берели дегенге учурдагы абал жол бербейт.

Ишти колго алаары менен жөндөп  кетүүчү мыктыларга коомчулук суусап турат. 

Эгер Президент чечкиндүү кадам таштап, буга чейин ыплас бийликке аралашпаган, эл камын ойлогон, өздөрүнүн мамлекетти өнүктүрүү программалары даяр инсандар менен ийри  отуруп түз кеңешип чечим кабыл алса туура кадам жасаган болот эле...", - деди Сайпидин Султаналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости