www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дары-дармектерди, медициналык каражаттарды дүңүнөн сатып алып, кайра кымбат баада сатып жаткандар кармалганын маалымдады. Аларда дары сатууга уруксат берген документтери болгон эмес.
Финансы полициясы ыкчам иш-аракеттердин алкагында шаардын бир нече жеринде клексан дарысын 8 миң сомдон 14 миң сомго чейин сатып жаткан фактыларды аныктаган. Алып-сатарлардын иш аракети боюнча сотко чейинки тергөө башталды.
Финполиция дары-дармектерди дүңүнөн сатып алып, кайра кымбат баада сатып жаткандарга чара көрүп жатканын эскертти.
Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда. Мындан улам шаардагы дарыканаларда узун кезек пайда болду.
Булак: NazarNews.kg