www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын майору Калыбаев Мирлан Майрамбекович каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ал пневмония менен жабыркап келген.

М.Калыбаев 1974-жылы 8-октябрда Кара-Буура районунун Киров айылында туулган. Эки жогорку билимдин ээси. 1995-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат кылып келген. Эмгек жолун убактылуу кармоочу жайдан баштап, кийин коопсуздук кызматында иштеген. Өмүрүнүн акырына чейин Кара-Буура РИИБдин эксперт-криминалисти кызматында эмгектенген.

ИИМдин жана Талас ОИИБдин, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн сыйлыктарынын ээси болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости