www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиядан Кыргызстанга келаткан 200дөй жаран Казакстандын чек арасынан өтө албай калышты. Бул тууралуу Оренбург облусундагы Кыргызстандын консулдугунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Орусиядан Кыргызстанга жеңил автоунаалар менен келаткан 200дөй кыргызстандык Казакстандын чек арасынан өтө албай калышты. Бул окуя тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигине кабар берилген. Бишкек менен Астананын дипломаттары сүйлөшкөн. Бирок кыргыз жарандарына Казакстан аркылуу өтүп кетүүгө уруксат берилген эмес.
Акыркы маалыматка ылайык, азыркы кезде орус-казак чек арасында 150дөй кыргызстандык бар, калгандары Орусияга кайтышкан.
17-мартта түшкө маал 200дөн ашуун кыргызстандык 87 жеңил унаада Оренбург облусундагы «Сагарчин» пункутунда Казакстанга кире албай турганы жөнүндө маалымат социалдык тармактарда тараган.
Казак өкмөтү коронавируска байланыштуу Орусия менен Кыргызстандын чек араларынан өтүүгө 14-мартта чектөө киргизген. Алматы жана Нур-Султан шаарларында карантин жарыяланды. 17-мартта COVID-19 илдетин жугузуп алгандар Казакстанда 32 кишиге жетти.
Булак: NazarNews.kg