www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-март күнү "Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат,-деген маалымат тараган.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бул кабарды тастыктап, коронавируска кабылгандардын баары эркектер экендигин билдирди. Анын айтымында алардын жаш курагы ар түрдүү. Илдет боюнча тесттен өтүү жана дарылануу бекер. Азыркы тапта коронавирус менен жабыркагандардын менен бир учакта учуп келген 135 кишинин баары табылып, карантинге алынган.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы бүгүн түнү Бишкектен чыкты. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен. Алар ал жакка кичи ажылыкка барып келишкен.
«Умрага ажылык сапарына баргандардын бардыгы үй шартында дарыгерлердин көрсөтмөсү менен карантинде кармалууда», – деп билдирди Саламматтыкты сактоо министри.
Булак: NazarNews.kg