www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин 3-4 күндө бир жолу коронавирустан сактануу максатында текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу Путин “Москва” берүүсүнө берген маегинде билдирген.
Анализдин жыйынтыгы таза чыгып жатабы деген суроого "Кудайга шүгүр, азырынча таза", - деп жооп берген малекет башчы.
Ошондой эле Путин эпидемияга байланыштуу дистанциялык жумушка өтүү ал үчүн кандайдыр бир деңгээлдеги сыноо болгонун айткан. Себеби ал адамдар менен көп сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Ал эми анын айтымында, премьер-министр Михаил Мишустин ооруп калгандан кийин өлкө башчы катары өтө кылдаттык менен иш алып баруу керектигин түшүнгөн.
«Мен дагы бир эрежени киргиздим - президент жана премьер-министр эч качан бир учак менен учушпайт. Анткени бизде мамлекеттин абалы үчүн өзгөчө чоң жоопкерчилик бар”, - деди Путин.
Ал эми Владимир Путиндин дистанциялык иштөөгө өткөндүгү тууралуу 1-апрелде пресс катчысы билдирген. Президент Москвадагы Ново-Огаревонун жанындагы резиденциясында жашап, ошол жакта иштеген. Коронавирустан коргонуу үчүн ал жерде атайын дезинфекциялык туннель да орнотулган болчу. Эске салсак, COVID-19 менен премьер-министрден сырткары Билим берүү жана илим министрлигинин башчысы Валерий Фальков жана маданият министри Ольга Любимова, ошондой эле президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков да ооруган болчу.
Булак: NazarNews.kg