www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги саясат талдоочу Табылды Акеров менен сөз эркиндигин чектеген мыйзам долбоору боюнча баарлаштык.

--Сөз эркиндигин чектеп, интернетти чектөөгө алган мыйзам кабыл алынды. Эми ал мыйзамга президент да кол коёбу же көпчүлүктүн талабын эске алабы? 

--Жок. Менимче, бул мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койбойт го. Себеби, жалган маалыматардын   негатив да, позиттив да жагы бар. Негатив жагы ал сынга кабылган саясатчы моралдык залал тартат. Ал эми позитив жагы коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү болтурбоонун алдын алышы мүмкүн. Башкача айтканда, өлкөдөгү саясатчылар (коррупционер, уруу, кески болсо да) өзү жөнүндө ар кандай маалыматтардын тарап кетүүсүнөн чоочулап, өзүн татыктуу алып жүрүүгө аракет кылат. Башкача айтканда,  жалган маалыматардын болуп туруусу, Кыргызстандагыдай жарым оорулуу коомду толук бойдон деградацияланып кетүүсүнө жол бербей, коомдо кандайдыр бир деңгээлде моралдык-нравалык нормалардын сакталышын камсыздап турат. Айрым учурларда 100% чындыкты камтыган маалыматтар деле, анда сөз болгон адамдар төгүндөп койгондуктан, жалган маалымат деп аталып калып жатпайбы. Мисалы, Атамбаевдин учурунда мыйзамдагы ууру А. Батукаевди 3-4 күндөн кийин өлөт деп бийликтин төбөлдөрү түрмөдө олтурган жеринен чыгарып, аны кызыл  килем менен узатып, Чеченстанга самолетко салып жиберишкен. Бирок, кийин бийликтин бул маалыматы жалган  болуп калбадыбы. Анын айынан бүгүн Атамбаев баш болгон канчалаган адамдар камалып, жоопко тартылып жатат. Бирок, убагында бул «чындык» деп коомго таңууланган эмес беле.

--Неге 10 депутаттан башкасынын баары колдоду? Жогорку жак ушундай мыйзам жазгыла деген талап койгонбу? 

--Депутаттардын көпчүлүгү эмнеге добуш берип жатканын билбей эле добуш бере беришет. Себеби, алар коомдун кызыкчылыгын уруп ойношпойт. Аларга кайра-кайра шайланып, депутат болушса эле болгону. Депутаттар бул добуш берүүсү менен кыргыз коомчулугунун деградацияланышына жол ачып, 3- революциянын болушуна шарт түзүп коюшту.  Ошон үчүн  Сооронбай Жээнбеков бул мыйзамга кол койбойт деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости