www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын делегациясы Стамбулда өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу президент Владимир Путинге «кандай зарыл болсо, ошого жараша» маалымат берип турат, деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

«Кандай зарыл болсо, ошондой маалымат беришет», – деди Песков журналисттерге.

Россиянын президенти Владимир Путин буга чейин Украинаны 15-майда Стамбулда алдын ала шарттарсыз түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого чакырган. Мамлекет башчысы бул сүйлөшүүлөр учурунда тараптар ок атышууну токтотуу боюнча келишимге келиши мүмкүн экенин четке каккан эмес. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Россия узак мөөнөттүү тынчтыктык жолдорун издөө боюнча олуттуу маанайда. Анын айтымында, Украина менен сүйлөшүүлөрдүн максаты – кагылышуунун негизги себептерин жоюу жана Россиянын кызыкчылыктарын камсыз кылуу.

РИА Новости агенттигине маалымдаган ишенимдүү булактын билдиришинче, Россия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрү бейшемби күнү түштөн кийин ошол эле жерде – 2022-жылы өткөндөй эле, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Стамбул шаарындагы администрациясынын кеңсеcинде өтөт. Россия делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат. Делегация курамына ошондой эле ТИМ министринин орун басары Михаил Галузин, РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабындагы Башкы башкармалыктын жетекчиси Игорь Костюков жана коргоо министринин орун басары да кирет.

Последние новости