www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик катчы же “Гос секретарь.” Бул мамлекеттик кызмат орун Кыргызстан эгемендик алган 90-жылдарда А. Акаевдин бийликке келүүсү менен түптөлүп, гос секретар А. Акаевдин досторунун шыбагасына буюруп “Дос секретарь” деп аталып кеткени да коомчулуктун эсинен али чыга элек болушу керек. Негизинен Мамлекеттик катчылык кызматы, мамлекеттин саясатын аныктап, аны жайылтууга көзөмөл жүргүзүүчү орган катары коомчулукка маалым эмеспи. Бирок Кыргызстанда бул кызмат орун “бөйрөктөн чыккан шыйрак” сыяктуу эч өз ордун таппай келе жатканы да жашыруун эмес. Кыргыз Республикасы эгемендик алган алгачкы жылдары Кыргыз ССРинен калган элдин мамлекеттик бийликке болгон урмат-сыйынын алкагында “Гос секретары” да, “Дос секретары” да элге көрүнүктүү бир аткарган иши жок, “Куу чирендик” мүнөз көрсөтүү менен ой-кырынча оюн салып жүрүшүп Мамлекеттик бийлик башчыларын алас алдырып жиберишкени эсибизде.
А. Акаевдин мезгилинен кийин К. Бакиев бийликке келгенде деле бу Мамлекеттик катчылык кызматы өз милдетин толук өтөгөнү эч кимдин эсинде калган жок. Бу кызмат орун “ээрден шыпырылгандар” барып “конуучу” “запасной аэродромдук” милдетти аткаруу менен эле чектелди сыягы. 2010-жылы Убактылуу өкмөт бийликке келгенде алардын арасынан эч ким “Гос секретарь” да “Дос секретарь” да болгусу келбеди өңдөнөт, бу кызматты эстеген киши болбой, өзүнөн-өзү ишмердүүлүгүн токтотуп турган эле.
Ошентип ондогон жылдар тыным алган бу кызмат орун 2021-жылдын 21-сентябрында КР Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кайра түзүлүп төмөнкүдөй милдет тагылган:
(Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө ЖОБОдон)
2. Мамлекеттик катчынын милдеттери
4. Мамлекеттик катчынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү, билим берүү жана илим маселелери боюнча программалардын, долбоорлордун аткарылышын контролдоо;
– коомдук ырашкердикти жана саясий туруктуулукту орнотуу, коомдун бардык топторунун жана катмарларынын кызыкчылыктарын эске алуунун жана бириктирүүнүн негизинде коомду консолидациялоо жана руханий адеп-ахлактык кайра жаралуу боюнча концептуалдуу мамилелерди иштеп чыгуу;
– маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
– мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасынын негиздерин иштеп чыгууга катышуу жана алардын аткарылышын контролдоону камсыздоо.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен кабыл алынган жободо көрсөтүлгөн бул милдеттер бүгүнкү күнгө чейин так аткарылдыбы же жокпу аны айтуу кыйын, бирок Мамлекеттик катчы соцтармактарды ачсаң эле “жөө жомок” айтып отурганын көргөнүбүз чындык. Бу кызмат адамынын эң негизги милдети болгон: Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү, билим берүү жана илим маселелери боюнча программалардын, долбоорлордун аткарылышын контролдоо маселеси кандай шартта жүзөгө ашып жатканы да коомчулукка беймаалым.
Билим берүү жана илим министри ар кандай себептер менен жыл айланбай, улам алмашып отуруп, бүгүнкү күндө республиканын билим берүү тармагы окуучулар менен студенттерге кандай программанын алкагында, кайсыл окуу китептери менен билим берип жатканы, аны кимдер көзөмөлгө алып, контрол жүргүзгөнү да карапайым элге анчейин беймаалым. Кыргызстандагы бала бакчалардан баштап мектеп-гимназияларга чейин, колледждерден баштап жогорку окуу жайларга чейин системалык түрдө, бирдиктүү программа иштелип чыкканбы? Өзгөчө мектеп-гимназиялардагы орус класстарда окуучуларды окутуу кайсы программанын негизинде ишке ашып жатат? Бул маселеге ким кызыгып, кимдер көзөмөл жүргүзүшү керек? Бул суроо да ачык бойдон турат.
Чүй облусунун мектеп-гимназияларында 2023-жылы Президенттин ошол кездеги Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен СССР учурундагы Комсомол, Пионер, Октябрят уюмдарынын формасында Манас, Семетей, Сейтек уюмдарын түзүү боюнча "пилоттук долбоор" деп бир долбоор кабыл алып, бул уюмдарды жетектеген мектеп мугалимдеринин штаттык бирдиги, ага ылайык айлык маянасы мамлекеттик бюджеттен каралбай туруп башаламан иш баштап, аягын таппай отуруп калышты. Ага ким багыт берип, ким көзөмөл жүргүзүшү керек эле? Бүгүнкү биздин “Гос секретарь” “Бош секретардын” образын чагылдырып, журналист, блогерлердин алдына отуруп алып, интернет айдыңындагы соцтармактарда шашпай Манас айтып, “жөө жомоктон” колу бошобой күн өткөрдү.
Жогорку окуу жайлардын, аспирантура, докторантуралардын абалы кандай? Жакталып жаткан дипломдук иштерде, кандидаттык, докторлук диссертацияларда кандай илимий ачылыштар, жаңылыктар болуп жатат? Бүгүнкү мезгил талабына жооп береби? Коомдун маданий жана руханий өнүгүүсүнө түздөн-түз тиешелүү Жазуучулар союзу менен ким иш алып барат? Дегеле “Улуттук жазуучулар союзу” деп бейрасмий аталган бул мекеменин бүгүнкү абалы кандай? Союз тарабынан сунушталып, кайсы авторлордун кандай китептери басмадан басылып чыгууда. Бу союздун проза, поэзия, драматругия, котормо, адабий сын секторлору Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген улуттук программалардын алкагында эмне алгылыктуу иштерди аткарып жатат? Агартуучулук мааниге ээ болгон кайсы жазуучу-акындардын чыгармалары мектеп программаларына сунушталып, жогорку окуу жайларында окутулууда?
Кыргыз Республикасы достук мамиледе болгон чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтери менен тыгыз байланышта иш алып барып, Кыргыз Республикасынын чыгаан акын-жазуучуларынын чыгармаларын чет тилдерге котортуп, чет өлкөлүк калемгерлердин мыкты чыгармаларын Кыргыз тилине котортуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген улуттук программаларды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алып ким иштеши керек?! “Илгери бир аксакал айтты эле...” деп айылдык санжырачылардын деңгээлинен өйдө чыга албай жөө жомок айтып отура берсек эл арасында “Гос секретарь” эмес, бекерчиликтен жомок айткан “Бош секретарь” аталып каларыбызды кантип моюнга албайбыз.
Чындыгында Мамлекеттик катчы аткарчу иштер арбын. Биз болгону маселенин бир четин гана сөз кылдык.
Мамлекеттик катчынын өз милдетинде даана так көрсөтүлгөндөй:
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомдун маданий жана руханий өнүгүүсү, билим берүү жана илим маселелери боюнча программалардын, долбоорлордун аткарылышын контролдоо; коомдук ырашкердикти жана саясий туруктуулукту орнотуу, коомдун бардык топторунун жана катмарларынын кызыкчылыктарын эске алуунун жана бириктирүүнүн негизинде коомду консолидациялоо жана руханий адеп-ахлактык кайра жаралуу боюнча концептуалдуу мамилелерди ким иштеп чыгат? Маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн ким камсыз кылат? Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасынын негиздерин иштеп чыгууга катышып, алардын аткарылышын контролдоону ким камсыздайт? Мамлекеттик катчы кызмат орду бошоптур, эми бул кызмат орунга келе турган азаматтар мына ушул маселенин тегерегинде иш алып баруусу кажет.
Бахпурбек Аленов, журналист
Булак: NazarNews.kg