www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын ФМКсынын кара тизмесинде Кыргызстандын 37 миң 420 жараны бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди. 

Анын айтымында, 2022-жылдын июнь айына чейин алардын саны 82 420 болгон. «Бирок жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн алкагында тизмени 45 миң адамга кыскартуу боюнча макулдашууга жетишилди. Андан майда мыйзам бузууларды жасаган адамдар чыгарылды», - деди Кубандык Акматбеков.

Россия Федерациясына кирүүгө убактылуу тыюу бар экенин migrant.kg сайтынан биле аласыз. Ал үчүн кириллица жана латын арибинде толук аты-жөнүн, ошондой эле туулган күнүн киргизүү керек.

«Жыл сайын 30 миңге жакын жарандарыбыз кара тизмеде бар-жокпу, мындай учурда эмне кылуу керек экенин билүү үчүн бизге гана кайрылышат», - деди Акматбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости