www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва облусундагы Электросталь шаарында массалык мушташ учурунда Кыргызстандын жараны бычактан жаракат алды. Бул тууралуу «База» Телеграм каналы жазды.

Маалыматка караганда, мушташкандар «Вайлдберриз» интернет дүкөнүнүн кампасында иштеген жумушчулар болушат.

Окуя 27-августта эртең менен болгон. Чыр кайым айтыштан башталып, мушташка 40ка жакын адам катышкан. Алардын айрымдарынын колунда бычак болгон. Мушташ учурунда бычактан жараат алган Кыргызстандын 22 жаштагы жана Россиянын 21 жаштагы жараны ооруканага жаткырылган.

Буга байланыштуу «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Полиция чырды баштагандар менен мушташка активдүү катышкандарды издөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости