www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Росссия: 500 гектардан ашуун аймак күлгө айланды

Россиянын Ростов шаарында кечээ токой өрттөнүп, 500 гектарлык аймак күлгө айланды. 2 кишинин өлүмүнө себепкер өрттүн кесепетинен 15 үй, 49 сарай күйүп кетти.

Россиянын Краснодар аймагына караштуу Ростов шаарынын токойлуу жеринде кечээ башталып, 2 кишини өлүмгө кептеген өрттү токтотуу кыйынга турду. Белокалитвинский, Тарасовский, Каменский жана Красносулинский аймактарына жайылган өрт кечке чейин 170 гектарлык аймакты күлгө айланткан. Түнкү саатта өрттү токтотууга аракет жасалганы менен шамалдын кесепетинен эртең мененкиге чейин уланды.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2 киши каза болуп, 100 киши жашаган аймагынан эвакуацияланды. Бүгүн берилген маалымдамада өрт коркунучу артып, 522 гектарлык аймакты күлгө айлантканы, дагы деле токтобой жатканы билинди.

Ростов шаарынын губернатору Василий Голубев, Федерация кеңешинин президенти Валентина Матвиенкого аталган окуя боюнча маалымат берди. Матвиенкого акыркы кырдаал боюнча отчет берген  Голубев, өрт өчүрүү иштерине Ве-200 өрт өчүрүүчү учагы, MI-8 өрт өчүрүүчү вертолету, 132 өрт өчүрүүчү транспорт жана 461 киши милдеттендирилгенин айтты. Ошондой эле 2 кишинин каза болуп, 15 үй жана 49 сарайдын күйүп кеткенин билдирди.

Өрт тууралуу отчет алган Матвиенко абалды Россиянын президенти Владимир Путинге кабарлаганы билинди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости