www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон жумушчу сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы бүгүн, 3-сентябрда Чүй облусуна жумушчу сапары менен барды.

Жумушчу сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Жайыл жана Москва райондорундагы аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Тактап айтканда, Президент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышып, калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоордун ишке ашырылышын көрүп чыкты.

Алексеевка айылында АРИС линиясы менен таза суу менен жабдуу системасынын курулушу бүткөрүлүп, 8 миңден ашуун жергиликтүү тургун таза суу менен камсыз болгон.

Ак-Башат айыл өкмөтүндө «Санарип аймак» санарип платформасы жана  кызматкерлерди каттоо боюнча «E-kyzmat» автоматташтырылган системасы ишке киргизилген. Анын негизинде айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган үй-бүлөлөрдүн курамын жана жашоо деңгээлин баяндаган чарбалык китебинин электрондук түрү түзүлгөн.

Жайыл районунун бирдиктүү аймактык ооруканасы өлкөдө биринчилерден болуп электрондук саламаттыкты сактоо элементтерин ишке киргизип, бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү иштеп келет.

Жайыл райондук сотунун сот залында аудио жана видео жазуу системасы, келип түшкөн арыздарды автоматтык түрдө каттоого алып, судьялардын иш жүгүн бирдей бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берген, адамдык факторду жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган тобокелдиктерди жоюучу автоматташтырылган маалымат системасы киргизилген.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы Кара-Балта шаарындагы коронавирус инфекциясы пандемиясы чыккандан тартып экономикалык активдүүлүк солгундагандан бери өлкөдө ишке киргизилген сүттү кайра иштетүүчү «Жайыл Милк» биринчи ири заводунун, ошондой эле Москва районунун Петровка айылында жайгашкан «Таштан» фермердик чарбасынын мисалында жергиликтүү ишкерлерди колдоо ишмердиги менен таанышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунда аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылып жатканына канааттанганын билдирип, анын мындан аркы артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости